Беткапчан киши 14 жыл пол жууп, рак менен ооруган кызын баккан аялга үй белек кылды (видео)

Социалдык тармактарда беткапчан киши деген ат менен белгилүү адам бул жолу 3 балалуу жалгыз бой энеге жардам берди. Аялдын кызы рак менен ооруйт жана батирде турушат. Аялдын пол жууп иштеп жатканына 14 жыл болгон.

«Ушул жерде пол жууп иштеп жатканыма 14 жыл болду. Түнкү 2:30да келем. Кызым рак менен ооруп жатат. Мээсинде шишик бар. Үйдө химиотерапия алабыз. Батирде жашайбыз. Эч шарты жок. Пол жууп жүрүп чарчадым. Уйкум канбайт. Бирок мен ыйлаганымды кызыма көрсөтпөйм»,- деди аял.

Беткапчан киши аялга акча толо конверт берип, кызын Түркияда дарыланууга акча экенин, экинчи конверт берип, ичиндеги ачкыч үйдүн ачкычы экенин айтты.