Социалдык тармактарда Беткапчан киши деген ат менен белгилүү адам бул жолу жалгыз бой энеге жардам берди. Ал 3 баланы тарбиялайт. Эң кичүү уулу эпилепсия менен жабыркайт. Апасынын айтымында, ал өзү баса албайт жана сүйлөй албайт.
Ал 7 жылга насыяга алган унаасы менен такси кызматын көрсөтөт. Уулун массажга, дарыланууга алып барат. «Такси айдагым келбейт, бул эркек кишиге да кыйын. Жашагым келбей калды»,- деген аялга Беткапчан киши баласынын дарылануусуна жана унаанын насыясын жабууга акча берип, үй белек кылды.