Социалдык тармактарда Беткапчан киши деген ат менен белгилүү адам бул жолу Турусбек аттуу жаранга жардам берди. Маалыматка караганда, эркек киши 2 баласын жалгыз карайт, өзүнүн 3-топтогу майыптыгы бар, жубайы жакында эле рак оорусунан каза тапкан.
«Мен 2 баланы жалгыз багам. Жубайым жакында эле рак оорусунан каза болду. Мен жол кырсыгынан кийин 3-топтогу майыптыгы бар адам болуп калдым. Таштанды чогултуп жан багам. Балдарым болсо кийим тиккен жерде иштешет. Батирде жашайм. Түркияда жубайыма операция жасалып, эки төшүн тең алдырткан. Мен ал жерге жөнөтүүгө карыз акча алгам. Бирок жардам берген жок. Мен жубайымды катуу сүйөрүмдү азыр сезип жатам. Жубайым жок үй караңгы», — деди киши.
Беткапчан киши ага дарыланууга, Умрага барууга акча берип, үй белек кылды.