Беткапчан киши күндүз пол жууп, түнкүсүн такси айдаган жалгыз бой энеге жардам берип, ыйлатты

Социалдык тармактарда беткапчан киши деген ат менен белгилүү адам бул жолу казакстандык аялга жардам берди.

Аялдын айтымында, ал жалгыз 2 уулун тарбиялайт, кичүүсү мээсинин шал оорусу менен жабыркайт. Ал жан багуу үчүн күндүз пол жууп, кечкисин ижарага алган унаа менен такси айдайт. «Таңкы саат 5-6га чейин киши ташыйм» деген эне унаага 7 миң теңге берерин айтат.

Беткапчан киши аялга карыздарын жабуу, баласын дарылатуу үчүн акча берип, жаңы унаа белек кылып ыйлатты.