Социалдык тармактарда Беткапчан киши деген ат менен белгилүү адам бул жолу 20 жаштагы Гүлжанга жардам берди. Ал 3-стадиядагы рак менен ооруп жатат. Апасынын 1-топтогу майыптыгы бар.
«Менин бир колум эч нерсе сезбей калды. Индияда дарылангым келип жатат. Менин атам жок. Мен төрөлө электе эле каза болуп калган. Апамдын 1-топтогу майыптыгы бар, көзү көрбөйт. Апамдын бир тууган иниси да бар. Анын да майыптыгы бар, кулагы укпайт. Тайкем менен апамды өзүм карайм. 5 жаштан тартып иштеп баштадым. Биринчи операциядан кийин диагноз коюп, химиотерапия ал дешти. Оорумду үйдөгүлөргө айткан жокмун. Аларды карай турган адам жок болуп калат», — деди ал.
Беткапчан киши дарыланууга жана иш ачууга акча берип, үй белек кылды.