Беткапчан киши рак менен күрөшүп жаткан 19 жаштагы жигитке жардам берди

Социалдык тармактарда Беткапчан киши деген ат менен белгилүү адам бул жолу 19 жаштагы Алишерге жардам берди.

Алишер 3-стадиядагы рак менен ооруп жатат. Ал апасы менен ижарага алынган батирде турат. «4 жылдан бери ооруйм. Жакында эле атам каза болду. Азыр боорумду алмаштыруу боюнча операция керек болуп жатат. Белоруссиядан жасоо үчүн акча чогултуп жатам. 80 миллион теңге керек экен. Менин кыялым ден соолукта болуу. Мен бекер кыйналдымбы?»,- деди ал.

Беткапчан киши дарыланууга жана жеке ишин ачууга акча берди. Ошондой эле үйдүн ачкычын тапшырды.