«Бетон толтуруп, сарай салып алган». Казакстанда 2 жыл мурун болгон киши өлтүрүүнүн бети ачылды

Эки жыл мурун болгон адам өлтүрүүнүн бети Шымкенттин милициясы тарабынан ачылганын Tengrinews.kz жазды.

2021-жылы эне 32 жаштагы уулунун жоголгондугу тууралуу милицияга кайрылган. Аял баласы эки жума мурун үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин билдирген.

Жоголгон адамдын жүргөн жерин аныктоо үчүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлгөн. Укук коргоо кызматкерлери анын үй-бүлө мүчөлөрүн, кошуналарын, досторун суракка алып, жакын жердеги камералар текшерилген.

Эки жылдан бери издөө иштеринен майнап чыкпаганы менен быйыл жыл башында ыкчам кызматкерлер бир сырды аныкташкан. Күбөнүн айтымында, кылмышка инисинин катыштыгы бар болушу мүмкүн болгон. 

«Жүргүзүлгөн чаралардын натыйжасында үй-бүлөлүк чыр-чатактын жүрүшүндө бир тууганынын башына арматура менен бир нече жолу чаап өлтүргөндүгү аныкталган. Буга анын бир тууган агасы мас абалында апасына салган жаңжал себеп болгон. Оор кылмыштын изин жашыруу үчүн маркумдун сөөгүн көчөдөгү ажатканага ыргытып, үстүн бетон менен толтуруп, үстүнө чакан сарай салып алган», — деп айтылат маалыматта.