«Би-2» тобунун музыканты Алматыдагы концерттен кийин Казакстанда каларын жарыялады

«Би-2» тобунун музыканты Алматыдагы концерттен кийин Казакстанда каларын жарыялады. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазышты.

Алматыда 1-октябрда орусиялык «Би-2» тобунун концерти өтүп, анын аягында топтун музыканттары жарыя кылышты. Алар Алматыда топтун клавишниги каларын айтышып, ага иш табууга көмөктөшүп коюуну суранышкан.