Бийлик атасынан уулуна өтөбү? Түркмөнстанда 12-мартта мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт

Түркмөнстанда 12-мартта мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт. Аталган өлкөнүн мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухамедов БШКга кезексиз шайлоону өткөрүүгө даярдык баштоону тапшырды.

Кечээ, 11-февралда Гурбангулы Бердымухамедов өзү жөнүндө оңой эмес чечим кабыл алганын жар салган. Ал парламенттин жогорку палатасынын жыйынында сүйлөп жатып, өлкөнү 15 жылдан бери башкарып келе жатканын айткан. Эки жыл мурда пайгамбар жашына келип калганын билдирген. «Өнүгүүнүн жаңы баскычында мамлекетти башкарууга жаш жетекчилерге жол берүү керек деген ойду колдойм. Өзүмдүн мол турмуштук жана саясий тажрыйбамды парламенттин жогорку палатасынын төрагасы катары ушул тармакта багыт алууга ниет кылам», — деди Түркмөнстандын президенти.

Азыркы тапта Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов вице-премьер кызматын аркалайт жана 2021-жылдын июль айынан бери финансылык-экономикалык комплексти жетектеп келет.