Казак депутаттары жер титирөө тууралуу эскертүү кечиккенине нааразы болушту

Казакстандын Мажилисинин 24-январдагы пленардык жыйынында эмне үчүн алматылыктар алдыдагы жер титирөө тууралуу өз убагында эскертүү алышпаганын жана шашылыш маалыматты казакстандыктарга заматта алып турууну камсыз кылуунун жолдорун аныкташты.

«Алматыда болгон катуу жер титирөө Кыргызстанда, Өзбекстанда жана Казакстанда сезилгенин билесиздер. Эмнегедир маалымат биздин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен эмес, улуттук операторлордон эмес, дүйнөлүк кызматтардан алдык. Суроо туулат — критикалык кырдаалда бизге ким кам көрүшү керек? Билл Гейтспи же балким Илон Маскпы? Биздин эскертүү системабызда эмне туура эмес болуп жатат? Эмне үчүн байланыш каналдары иштебей жатат?» — деди депутат Сергей Пономарев.

Анын пикирине депутат Екатерина Смышляева макул болду. Ал эскертүү системасында чындап эле мүчүлүштүк бар экенин белгиледи. Эми буга ким күнөөлүү экени аныкталат.