Microsoft» компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс коронавирус пандемиясынан кийин дагы күчтүү эки апаат келиши ыктымал деп эсептейт. Бул тууралуу эл аралык басылмаларга берген маегинде билдирди.
«Адам баласы кабылуучу эки жагдайдын бири — климаттык өзгөрүү. Мындай абалга дүйнө жүзү азырынча даяр эмес. Бул фактордун таасиринде адамдын өлүмү пандемияга салыштырмалуу көп катталышы мүмкүн. Ал эми экинчи жагдай — биотеррорчулук. Мында кимдир бирөө адамдарга залал келтирүүнү кааласа, ал үчүн вирус ойлоп табышы ыктымал», — деген Билл Гейтс.
Гейтс, бул жагдай адамзатка чоң зыян келтириши мүмкүндүгүн кошумчалады.
Белгилей кетсек, буга чейин да Билл Гейст коронавирус илдетин чейин эле ушундай оору келээрин божомолдоп айтып келген болчу.