Билл Гейтс: Коронавирустан кийин дагы эки коркунучтуу оору келиши ыктымал

Microsoft» компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс коронавирус пандемиясынан кийин дагы күчтүү эки апаат келиши ыктымал деп эсептейт. Бул тууралуу эл аралык басылмаларга берген маегинде билдирди.

«Адам баласы кабылуучу эки жагдайдын бири — климаттык өзгөрүү. Мындай абалга дүйнө жүзү азырынча даяр эмес. Бул фактордун таасиринде адамдын өлүмү пандемияга салыштырмалуу көп катталышы мүмкүн. Ал эми экинчи жагдай — биотеррорчулук. Мында кимдир бирөө адамдарга залал келтирүүнү кааласа, ал үчүн вирус ойлоп табышы ыктымал», — деген Билл Гейтс.

Гейтс, бул жагдай адамзатка чоң зыян келтириши мүмкүндүгүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин да Билл Гейст коронавирус илдетин чейин эле ушундай оору келээрин божомолдоп айтып келген болчу.