«Бир аз кечиккенде баары каза болуп калмак». Таразда бир үй-бүлө аман калды (видео)

Таразда беш кишиден турган үй-бүлө иске ууланып, өлүп кала жаздаган. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

Окуя 6-март күнү саат 22:00дөр чамасында болгон. Тараз шаардык милициясынын жашы жете электердин иштери боюнча инспектору Алишер Ермековдун айтымында, ал мектеп директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Элмира Еселбаева менен биргеликте окуучунун сабакка келбей калышынын себебин билүү үчүн окуучунун үйүнө келген. Ал күнү 8 жаштагы бала мектепке барган эмес, ата-энеси да мугалимге телефон чалган эмес.

Дарекке жеткен милиция кызматкери дарбазаны тыкылдата баштаган, бирок ага эч ким ачкан эмес. Коңшулардан сураган соң үй-бүлө кечээтен бери көрүнбөй калганын билишкен. Бир нерсе туура эмес болгонун сезген Алишер Эрмеков кошунасынын уруксаты менен анын тосмосун ашып, мектеп окуучусу жашаган үйдүн короосуна кирген.

«Үйгө барганда терезеден жерде эс-учун жоготуп жаткан баланы көрдүк. Эч ойлонбостон терезени сындырып, бөлмөгө кирдим. Үйдө ачуу жыт чыгып, жашоочулар иске ууланганын түшүндүм. Мен дароо газды өчүрүп, бардык терезелерди ачтым», — деди Эрмеков.

Бардык бөлмөлөргө кирип чыккан милиция кызматкери 58 жаштагы үй-бүлө башчысын, анын 47 жаштагы жубайын, 12 жана 10 жаштагы кыздарын жана 8 жаштагы уулун сыртка алып чыккан. Жабыркагандарга дароо биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, андан соң Тез жардам бригадасына өткөрүлүп берилген. Үй-бүлө дароо ооруканага жаткырылган.