Мексиканын Оахака штатындагы Сан-Педро-Уамелула шаарынын мэри Виктор Гюго Соса аллигатор ургаачысына үйлөнгөнүн «Uno TV» билдирди.
«Мен жоопкерчиликти өзүмө алам, анткени биз бири-бирибизди сүйөбүз, бул эң башкысы», — деди мэр. Үйлөнүү тоюнун алдында Алисия Адриан лакап аты бар аллигаторду аземдин катышуучуларынын эч кимиси жабыркабашы үчүн жип менен байлап коюшкан.
Каада-салтка ылайык, үйлөнүү үлпөтүнүн максаты жергиликтүү элге жакшылык, мол түшүм, береке жана тынчтык тартуулоо үчүн Кудайга белек тартуулоо деп да аталат. Тойдон кийин мэр аллигатор менен жергиликтүү салттуу музыкага бийледи. «Биз абдан кубанычтабыз, анткени биз эки маданияттын биримдигин белгилеп жатабыз», — деди ал.