«Бир жылдан бери келип, бирөөнү күтөт». Казакстанда «Хатиконун» ээси изделип жатат

Караганданын өзүнүн Хатикосу пайда болгон. Шаардыктар дал ушундай ат менен күндө аялдамага келген итти чакырышат. Алар социалдык тармактар ​​аркылуу иттин ээсин издеп жатышат. Бул тууралуу Казак ЖМКлары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, ит кандай гана аба ырайы болбосун аялдамага бир жылдан бери келип жүрөт. Жергиликтүүлөр иттин бирөөнү күтүп жатат деп ойлошот. «Аялдамада жатат. Бирөөнү күткөндөй сезилет. Балким бирөө дал ушул аялдамадан итти таштап кеткендир. Хатиконун окуясына окшош. Ит балдар менен да, чоң кишилер менен ла тил табышат», — дейт тургун.

Тургундар ага жаңы ээсин издеп жатышат.