Европа Биримдигинин дары-дармек агенттиги “AstraZeneca” вакцинасы коронавируска каршы эмдөө заты катары «коопсуз жана натыйжалуу» деп тапкандан кийин, Европанын бир катар өлкөлөрү калкын ушул вакцина менен да эмдөөнү кайрадан баштай тургандыктарын 18-мартта билдиришти.
Европалык дары-дармекти көзөмөлдөөчү мекеменин чечими кандын уюшу ыктымал болгон тобокелдиктерди кеңири карап чыккандан кийин кабыл алынды. Бул тууралуу 18-мартта бул мекеменин жетекчиси жарыялады.
Улуу Британиядагы Оксфорд университети менен дары-дармек жасоочу британдык-шведдик “AstraZeneca” компаниясы биргелешип өндүрүп жаткан вакцина кыйыр кесепеттерге алып келиши ыктымал деген санаркоолор күч алган соң, бир катар мамлекеттерде бул вакцина манен эмдөө убактылуу токтотулуп салынган. Ал эми Европа Биримдигинин дары-дармек агенттиги бул маселени тез арада кайрадан кылдат текшерип чыкты.
Европа медициналык агенттигинин аткаруучу директору Эмер Кук агенттиктин текшерүүсүнүн жыйынтыктарын тааныштырып жатып: «Комитет таасын илимий тыянакка келди»,– деди.
«Бул – коопсуз жана натыйжалуу вакцина. Калайыкты “COVID-19” илдетинен сактоодогу анын артыкчылыктары – бул оорудан келип чыккан өлүм-житимге жана ооруканага жаткырууга байланыштуу тобокелдиктерден алда канча жогору», – деди Эмер Кук.