Бир кезде уялган чоң өлчөмдөгү эмчеги британдык кызга миллиондогон киреше алып келген (сүрөт)

Улуу Британиянын Эми София аттуу 27 жашар тургуну чоң өлчөмдөгү эмчегинин жардамы менен чоң киреше таап, үй-бүлөсүнүн кредитин жапкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

«Эркектер төшүмдү карап көзү токтоп калчу. Аялдар болсо көкүрөгүңдү жаап жүр деп акыл үйрөтө беришчү», — дейт ал. Ал бой жетип калганда 75L өлчөмүндөгү эмчегинен уялып кезинде бүкүрөйүп жүрчү. Кийин көкүрөгүнүн өзгөчө формасы ага жакшы киреше алып келерин ойлонуп, OnlyFans (катталуучулар акча төлөп көрүшөт) аттуу контентке катталат. Ал жактан ачык сүрөттөрүн жүктөп, айына 15 миң фунт-стерлинг (18 миллион сом) тапкан учуру болгон.

«Ата-энем менин жумушумду колдойт. Анткени алгачкы айлыгым менен үй-бүлөмдүн карыздарын жапкам», — дейт Эми София.