«Бир күн жатып өлдү». Казакстанда эки баштуу музоо туулду

Актөбө облусунда эки баштуу мутант музоо туулганын Massaget.kz билдирди.

Окуя 11-мартка караган түнү Ыргыз районунун Нура айылында болгон. Жаныбардын ээси Кайсар Шаркеновдун айтымында, мындай көрүнүштү биринчи жолу көрүп жатат. Анын үстүнө бул анын уйунун алтынчы жолку тууту. 

«Эки баштуу торпокту көргөндө баарыбыз таң калдык. Кошуналар да көрүштү. Ал жерде бир күн жатып, өлдү. Башын көтөрө албай калды. Ошондон кийин гана ветеринарга айттым», — дейт айыл тургуну.