«Бир күн мурда никесин кыйган». Астанада молдого 13 жолу бычак сайган шектүү кармалды

Астанадагы мечитте жаран имамды 13 жолу бычак менен сайганын Tengrinews.kz жазды.

716.kz порталынын маалыматы боюнча, 13-мартта Жибек Жолу айылынын тургуну нике кыйдырган. 14-мартта аялы менен болгон чырдан кийин ал борбордогу мечитке барып, намаз учурунда имамга 13 жолу бычак сайган. Маалым болгондой, имам ооруканага жаткырылган, абалы оор.

«Бул окуяга катыштыгы бар адам кылмыш болгон жерден кармалып, убактылуу кармоочу жайына камалды. Кылмыш-жаза кодексинин 201-беренесинин негизинде тергөө иштери жүрүп жатат», — дешти полициядан.