«Бир күнү баары бир өлөбүз». Майк Тайсон коляскада отурган сүрөтү боюнча комментарий берди

Бокс боюнча мурдагы дүйнө чемпиону Майк Тайсон коляскадагы сүрөтү, ден соолугу тууралуу айтып берди. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты. 

«Албетте, баарыбыз качандыр бир күнү өлөбүз. Мен күзгүгө каранып, бетимдеги тактарды көргөндө, өзүмө «бул менин жарамдуулук мөөнөтүм аяктап баратканын билдирет, баары жакында» деп айтам», — деди Тайсон.

Мушкер жакында эле NewsMax телеканалына да чыгып, коляскадагы сүрөтү тууралуу түшүндүрүп берди. «Менин белим, бутум ооруйт. Ал күчөгөндө сүйлөй да албай калам. Кудайга шүгүр, бул менин ден соолугумдун бир эле көйгөйү. Мен азыр мыктымын», — деди ал.