«Бир нече күн гана жашайт». АКШда кош тумшуктуу музоо туулду (сүрөт)

Американын Луизиана штатында эки тумшуктуу музоо туулду. Анын төрт көзү, эки муруну, эки оозу жана эки кулагы бар.

Музоого 10 күн болду. Ферма ээси Дон Бро музоонун тирүү туулганын керемет деп атады. «Музоонун өмүрү кыска болот жана бир нече күн гана жашайт», — деп белгиледи Броу.

Полицефалия оорусу менен ооруган музоолордун көбү өлүү төрөлөт. Кээ бир жаныбарлар бир нече саат же күн жашайт. Азыр музоонун буттары алсыз. Ал өз алдынча кыймылдай албайт. Кош тумшук болгондуктан башын көтөрүү кыйынга турат.