Британиялык Вишвашкумар Рамеш Индиядагы авиакырсыктан жалгыз аман калган жүргүнчү экенин ЖМКлар жазышкан. Рамеш Лондонго багыт алган Boeing 787 учагынын 11А орундугунда болгон. Рамеш Индияда туулган, 2003-жылдан бери Улуу Британияда жашайт.
Ал журналисттерге кырсык боюнча айтып берди. Анын айтымында, учак учкандан көп өтпөй эле төмөндөй баштап, экиге бөлүнүп кеткен.
«Учкандан 30 секунддан кийин катуу үн чыгып, андан кийин учак кулап түштү. Мунун баары тез эле болуп кетти», — деди Рамеш Hindustan Times гезитине.
Ал көп жылдан бери Улуу Британияда жашагандыктан Индияга бир нече күнгө үй-бүлөсү менен көрүшүүгө келген. Үйүндө жубайы жана уулу күтүп жаткан. Дароо аларга чалып, аман экенин айткан. «Кантип чыкканымды билбейм. Кыязы, учак бөлүнүп кеткенде мен ыргып кеткен окшойм. Көзүмдү ачсам эле айланамдын баары өлгөн адамдар экен. Коркуп кеттим. Туруп эле чуркадым. Бирөө мени кармады дагы Тез жардам унаасына салып, ооруканага жеткирди»,- деген ал учакта бир тууганы да болгонун, дайынын билбей жатканын билдирген.