Бири-бирин жубатып жаткандай эки пингвин… Бул сүрөт сынакты жеңип алды

Бири-бирин жубатып жаткандай эки пингвиндин сүрөтү жарыштын жеңүүчүсү болду. Сүрөт Австралиянын Мельбурн шаарында фотограф Тобиас Баумгертнер тарабынан тартылган. Сүрөтчүгө эки пингвиндин ошол окуядан бир аз мурда жуптары өлүп калганын айтып беришкен. Пингвиндер жашаган жайда 1400дөй канаттуулардын бул түрү байырлайт, аларга ыктыярчылар байкоо салып турушат.

“Ыктыярчылардын бири мага келип жуптарын жоготкон эки пингвин бат-баттан сүрөттөгүдөй болуп чогуу болушарын, бири-бирин жубатарын, сааттар бою шаарды карап турушарын айтып берди”, — деген сүрөтчү. Жогорудагы кадрды илип калуу үчүн фотограф эки пингвин менен үч түндү өткөргөн.