Биринчи каналдын кызматкери «Время» берүүсүнүн эфиринде согушту токтотууга чакырды

Кечээ, 14-мартта Орусиянын Биринчи каналынын кызматкери, редактор Марина Овсянникова «Время» берүүсүнүн эфиринде согушту токтотууга чакырды. Ал студияга «No war. Остановите войну. Не верьте пропаганде. Здесь вам врут. Russians against war» деген жазуусу бар плакатты көтүрүп чыга калып, бир канча жолу «Остановите войну! Нет войне!» деп кыйкырууга үлгүрдү. Бул аралыкта эфирде санкциялар тууралуу сюжет башталды.

Жогорудагы окуядан кийин Марина Овсянникованы полиция кызматкерлери кармап кетишкен. Алдын ала маалымат боюнча, ага карата административдик протокол түзүлүшү ыктымал. Биринчи канал кызматтык текшерүү баштады.