«Бирөө гана аман кала алмак». Жеймс Кэмерон «Титаниктеги» Жектин өлүмүн илимий ыкмада тастыктады

Канаданын «The Toronto Sun» басылмасынын маегине «Титаниктин» режиссёру Жеймс Кэмерон атайын жүргүзүлгөн илимий изилдөө тууралуу айтып берди. Анын максаты Жектин (Леонардо ДиКаприо) сөзсүз өлүп, кеме чөккөндө бир эшиктин үстүнө Роуз (Кейт Уинслет) менен бата албастыгын далилдөө болгон.

«Биз гипотермия боюнча эксперт менен кылдат анализ жүргүздүк. Кейт менен Леонун салмагындай болгон эки каскадёрду алып, аларга датчик орнотуп, муздак сууга киргиздик. Түрдүү ыкмалардын жардамы менен алар аман кала алышмак беле? Ушуну текшердик. Жооп «экөө тең аман кала алмак эмес, бирөө гана аман калмак» деп чыкты», — деген режиссёр.

Экспертизанын жүргүзүлгөнү тууралуу ролик «Титаниктин» 4К-реставрациясы менен даярдалган жаңы басылмага кошулат. Ал 25 жыл мурда чыккан тасманын көрсөтүлгөн юбилейине арналат. Ошондой эле эксперименттин жыйынтыгы National Geographic үчүн «Титаник» кантип тартылганы тууралуу даректүү тасмада көрсөтүлөт.

«Жек өлүшү керек болчу. «Ромео жана Жульетта» сыяктуу бул да махабат, өзүн курмандыкка чалуу жана өлүм тууралуу тасма», — деген Кэмерон.

2019-жылы режиссёр көп жылдан бери айтылып келген талкууну болбогон кептей кабыл алган.