«Бирөө каза болуп, 6 бала жандандыруу бөлүмүндө». Казакстанда балдардын массалык уулануусу болду

«Караганда облусунда атайын борбордон 12 бала ууланып ооруканага жаткырылды. Бир бала медициналык мекемеде каза болуп, дагы алтоо реанимацияга жаткырылды» деп билдирет Tengrinews.kz.

Балдардын ууланганы тууралуу маалыматты облустук акимчиликтин басма сөз кызматы тастыктады. Караганда облусундагы Балдарга атайын социалдык кызмат көрсөтүү борборунда массалык уулануу катталган. 30-июль күнү эки бала өзүн жаман сезген. Алар кусуп, ичи өтө баштаган. 

Бир суткадан кийин бул мекемедеги дагы 10 баладан ушундай даттануулар катталган. Алар да ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер канчалык аракет кылганы менен бир баланы сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Учурда алты бала реанимацияда жатат. Калгандары дарыгерлердин көзөмөлүндө. Окуянын себептерин иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү.