Бишимбаевдин иши. Көпчүлүк суктанган прокурор айым подполковник болду

Казакстандык Салтанат Нукенованын өлүмү боюнча кылмыш иши козголгондон кийин казакстандыктарга белгилүү болгон прокурор Айжан Аймаганованын кызматтык даражасы көтөрүлдү.

Аймаганова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жаңы видеосун жарыялады. Анда ал подполковниктин погондору бар формада чыккан. Куандык Бишимбаев менен Бахытжан Байжановдун сотуна айыптоочу тараптын өкүлү Аймаганова майор даражада катышкан.