Бишимбаевдин ишин карап жаткан судья коркутуулардан улам коргоого алынды

Астана полициясы тарабынан экс-министр Бишимбаевдин ишин карап жаткан судьяны коркутуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Жогорку Сотко шилтеме берүү менен казак басылмалары жазышты.

Расмий маалыматка караганда, Астана шаардык ички иштер башкармалыгы судья Айжан Кулбаевага карата коркутуулар боюнча кылмыш ишин козгоду.

«Судьянын телефонуна белгисиз чалуулар жана билдирүүлөр аркылуу коркутуулар келип түшкөн, Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренесинин 1-бөлүгү (администрациянын ишине тоскоолдук кылуу максатында соттун ишине кийлигишүү) менен сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. Судьяга жеке коопсуздук чаралары каралган. Ошондой эле интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүү учурунда судьяга карата кылмыштын белгилерин көрсөткөн көптөгөн терс мүнөздөгү жазуула аныкталды», — деп айтылат Жогорку Соттун басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Текшерүү иш-чараларынын жыйынтыгы менен тергөө органы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 411-беренесинин 1-бөлүгү («Судьяга жалаа жабуу») боюнча кылмыш иши козголгон.