Бишимбаевдин ишинде судья болгон Айжан Кульбаеванын маеги жарыяланды

Казакстандык Салтанат Нукенованын өлүмү боюнча кылмыш иши козголгондон кийин Бишимбаевдин ишинде судья болгон Айжан Кульбаева маек берди.

Ал мындай иштер күн сайын, жума сайын караларын, кичине кезинен эле судья болууну каалаганын айтып берди. Ошондой эле иш түз эфирде көрсөтүлүп жатканы ага тоскоол болбогонун айтты.

«Мени көчөдө таанышат. Баары менен учурашам, бирок сүрөткө түшүүгө каршы экенимди айтам. Менин таанымалдыгым сот залында, кылмыш ишке эч кандай таасирин тийгизбейт»,- деди ал.