Бишимбаевдин мурдагы жубайы Башкы прокуратурага жана Жогорку Сотко кайрылды

Куандык Бишимбаевдин мурдагы жубайы Назим Кахарман аны аталык укугунан ажыратууну каалайт. Бул тууралуу ал Астанада өткөн маалымат жыйынында билдиргенин Tengrinews.kz жазды. 

Назим Кахармандын айтымында, ал Куандык Бишимбаевди аталык укугунан ажыратуу боюнча сотко кайрылган. Сот аны четке какты, анткени Салтанат Нукенова Бишимбаевдин мыйзамдуу аялы болгон эмес, демек, ал өзүнүн тууганын же үй-бүлө мүчөсүн өлтүргөн эмес.

Ошондой эле балдарынын фамилиясын өзгөртүшүн каалаган, бирок сот андан да баш тарткан. «Тилекке каршы, мен жардам суроого аргасыз болуп жатам. Менимче соттун чечими акыйкатсыз болду. Мен коомчулукка, Башкы прокуратурага жана Жогорку Сотко кайрылам», — деди ал.