Бишимбаевдин сотунан кийин сот, адвокат жана прокурор болууну каалагандар көбөйдү

Мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевдин резонанстуу соту өлкөдөгү сот системасына болгон көз карашты өзгөрттү. Бул тууралуу Казак ЖМКлары жазды. 

Маалыматка караганда, бул ишти жогорку окуу жайларда, колледждерде талдап жатышат. Эксперттер мындан улам быйыл юридикалык жактан билим алууну каалагандар көбөйөт. Ошондой эле казакстандыктардын көпчүлүгү мыйзамдарды окуй башташкан.