Степногорск соту «Кылмышты жашыруу» беренеси боюнча соттолгон Куандык Бишимбаевдин тууганы Бахытжан Байжановдун жаза мөөнөтүн кыскартты.
«Конституциянын 30 жылдыгына карата мунапыс жөнүндөгү» мыйзамдын негизинде анын мөөнөтү үчтөн бирине кыскарган. Акыркы жаза 1 жыл 4 ай 17 күн болот. Соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кире элек.












