Бишкек-Москва каттамы менен учкан учак авариялык конууга аргасыз болгон

19-июлда Самарада Бишкек — ​​Москва каттамындагы учак авариялык конууга аргасыз болду. Бул тууралуу Орусиялык ЖМКлар жазып чыгышты. 

Маалыматка караганда, авариялык конуу «Курумоч» аэропортунда (Самара шаары) ишке ашырылган. 

U6 8264 жүргүнчүлөрүнүн биринин ден-соолугуна байланыштуу конууга аргасыз болгон. Маалым болгондой, учак Курумочко 7:43тө конгон. Учуп-конуу тилкесине тез жардам кызматы барган. Дарыгерлер жүргүнчүнү текшерүүдөн өткөрүшкөн. Аны жергиликтүү ооруканалардын бирине жаткыруу чечими кабыл алынган.