Бишкек — Стамбул каттамындагы учак Анкара шаарына чукул конууга аргасыз болду

Бишкек — Стамбул каттамындагы учак Анкара шаарына чукул конууга аргасыз болду. Бул тууралуу түркиялык басылмаларга таянып, «Азаттык» жазды.

Кабарда «Түрк аба жолдору» компаниясынына таандык Бишкек-Стамбул каттамындагы учак Бишкек убактысы менен саат 16.15те Анкара шаарындагы Эсенбога аба майданына чукул конгону айтылат.

Буга учактагы жүргүнчүлөрдүн биринин ымыркайы инфаркт болгону себеп болгон. Ымыркайга учактын учкучу жана жүргүнчүлөрдүн арасында болгон Түркиянын бийликтеги АК партиясынын депутаты Режеп Шекер ыкчам жардам көрсөткөн.

Кесиби боюнча дарыгер Шекер ымыркайга дароо массаж жасаганын жергиликтүү журналисттерге айтып берген.

«Анкарага жарым сааттык убакыт калган. Дарыгер экенимди билген учкучтар дароо ымыркайды мага алып келишти. Карасам, ал көгөрүп, жүрөгү токтоп калыптыр. Дароо жүрөгүнө массаж жасадым. Бөбөк — эгиздердин бири экен. Ата-энеси түркчө, же англисче билбейт экен. Учактын Анкарага чукул конушун талап кылдык. Учак конгондо Тез жардам кызматы келди. Ымыркайдын абалы туруктуу болчу«, — деди Режеп Шекер.

Анкара аба майданында «Тез жардамга» алынган бейтап шаардын ооруканаларынын бирине жеткирилген. «Демирөрен» кабар агенттигинин маалыматына ылайык, учурда ымыркайдын абалы туруктуу.