Казакстандагы митингдер. Ата-энесине «биз баары бир өлөбүз» деген аскердин видеосу тарады

Интернет айдыңында казак аскер кызматкеринин ата-энесине кайрылган видеосу тарап, кызуу талкууга алынууда.

Анда ал баары бир өлө турганын айтып, ата-энесине “мен силерди жакшы көрөм” деп кайрылып, коштошуу таризинде сүйлөгөн. Арасында ачууга алдырып, сөгүнгөн учурлары да бар.

Видеодогу адам Алматы шаарындагы Аскердик университеттин 3-курсунун курсанты экени айтылууда.