«Биз колоннабызды жолдон буруп жатабыз». Пригожин Москвага жөө жүрүшүн токтотконун жар салды

«Биз колоннабызды жолдон буруп жатабыз жана планга ылайык кайра лагерлерди көздөй кетебиз». ЧВК «Вагнердин» негиздөөчүсү Евгений Пригожин Москвага жөө жүрүшүн токтотконун жар салды.

Анын билдирүүсү Беларустун президенти Александр Лукашенконун маалымат кызматы Пригожин менен сүйлөшүү жүргүзүлгөнү тууралуу маалыматынан соң жарыяланды.

«ЧВК «Вагнерди» таркатмакчы болушту. Биз 23-июнда «адилеттүүлүк жөө жүрүшүнө» чыктык. Бир суткада биз жүрүп отуруп, Москвага 200 чакырым калдык. Бул аралыкта биздин аскерлердин биринин да каны төгүлгөн жок. Азыр кан төгүлүшү мүмкүн болгон учурга келдик. Тараптардын бириндеги орус каны төгүлө турганы үчүн бардык жоопкерчиликти түшүнүп, биз колоннабызды жолдон буруп жатабыз жана планга ылайык кайра лагерлерди көздөй кетебиз», — деп айтылат маалыматта.