«Биз сени күтүп жатабыз». Белгисиз адамдар Мессинин үй-бүлөлүк дүкөнүнө 14 жолу ок атышкан

Аргентинада атактуу футболчу Лионель Мессинин үй-бүлөсүнө таандык дүкөн аткыланганын DW басылмасы жазды.

Окуя жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 3:20да Буэнос-Айрестен 300 чакырым түндүк-батышта жайгашкан Росарио шаарында болгон. Мессинин жубайы Антонелла Рокуццонун үй-бүлөсүнө таандык Unico супермаркетинин алдына мотоцикл айдаган эки киши барып, аткылаган. 

Полициянын маалыматы боюнча, кол салгандар дүкөнгө 14 жолу ок чыгарган. Ошондой эле алар «Месси, биз сени күтөбүз. Явкин да баңги бизнеси менен алектенет, ошондуктан ал сени карабайт» деп жазуу калтырышкан. Катта жазылган Пабло Явкин Аргентинанын үчүнчү чоң шаары болгон Росарио шаарынын мэри. Ал федералдык бийликтерди наркотикалык зомбулукка каршы күрөштө аракетсиздиги үчүн ачык сынга алынат.

Полиция бул окуя аргентиналык жылдыздан акча талап кылуу менен байланыштуу болушу мүмкүн деп эсептейт.