Блогер Хасбик үйлөнүү той учурунда кармалып, полицияга жеткирилди

Белгилүү блогер Хасбик (Хасбулла Магомедов) достору менен бирге Махачкалада административдик мыйзам бузганы үчүн кармалып, полицияга жеткирилгенин Tengri Life басылмасы билдирди.

Дагестандын Ички иштер министрлигинин телеграм-каналында үйлөнүү тойдун кортежиндеги унаалар башка жол кыймылынын катышуучуларынын жолун тосуп, каршы тилкеге ​​чыкканын көрсөткөн видео жарыяланган. Автоунаалардын биринде Хасбик болгон, ал кийинчерээк бөлүмгө жеткирилгендердин арасында болгон. 

Кийинчерээк блогер бул окуя боюнча комментарий берди. «Биз бир аз хайп кылууну чечкенбиз. Кара хайп да хайп. Мындай кайталанбайт. Кечирим сурайбыз. Бир аз ойноп коюп, жооп берип калдык», — деп жазган Хасбик.