Коронавируска каршы эң көп эмделген өлкөлөр кайсылар? Кыргыз өлкөсүнө караандабаган рейтинг

Дүйнөдөгү 180 өлкөдө коронавируска каршы 3,19 миллиарддан ашык вакцина колдонулган. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазды.

Акыркы көрсөткүч боюнча күнүнө болжол менен 39,4 миллион доза вакцина сайылат. 3,19 миллиарддан ашык доза — бул дүйнө калкынын 20,8 пайызын толук эмдөөгө жетиштүү. Бирок бардык өлкөдө бирдей эмес. Кээ бир өлкөлөрдө вируска каршы эмделүүнүн саны көп, ал эми кээ биринде тескерисинче. Тагыраагы жакыр мамлекеттерге караганда бай мамлекеттерде эмдөө процесси 30 эсеге бат жүрүп жатат.  Bloomberg агенттигинин анализи боюнча эң көп Бириккен Араб Эмирликтери эмдөөдөн өткөн. Анда калктын 72,1 пайызы вакцина алышкан. Ошондой эле алдыңкы үчтүккө Сейшел аралдары (71,7 пайыз) менен Бахрейн (69,7 пайыз) кирди.

Баса, Кыргызстан коронавируска каршы вакцина алуу боюнча дүйнөлүк рейтингде 160-орунду алды.