Болгарияда массалык жол кырсыгы: кеминде 12 адам каза болду
Болгариянын түштүк-чыгышындагы Ямбол шаарына жакын жерде жайгашкан «Фракия» автомагистралында болгон эки ири жол кырсыгынан 46 адам жабыркап, 86 унаа, анын ичинде көптөгөн жүк ташуучу унаалар кырсыкка кабылган.
Саламаттык сактоо министри Катя Ивкованын маалыматына караганда, 10 адам кырсык болгон жерде каза болгон. Дагы эки адам ооруканага жеткирилген жолдо көз жумган.
Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктарга коюу тумандан улам жолдогу көрүнүштүн кескин начарлашы, жолдун нымдуулугу жана аба ырайынын шарттарына ылайык келбеген ылдамдык себеп болгон.