Болгарияда жалгыз аялдар үчүн «аюу» ойлоп табышты (сүрөт)

Боюнун узундугу 174 сантиметр, салмагы үч килограммдан бир аз ашкан оюнчук аюу — бул жалгыз аялдар үчүн базардагы жаңы сунуш. Бул болгар жеке ишкери Тониа Берданкова жана анын кызы Ина Мархолева тарабынан эмоционалдык колдоо көрсөтүү үчүн жасалган.

Loving Bear Puffy бул аюунун толук аты. Ал 160 долларга бааланып жатат. Анын дене түзүлүшү да кызыктай. Адамдын кейпинде жасалган жана кең далылуу, бирок башы кичинекей.