Болгарияда жол кырсыктан 45 адам көз жумду. Анын 12си бала

Болгариянын «БГНЕС» маалымат агенттигинин маалыматына караганда, Болгарияда трассада болгон кырсыктан кеминде 45 киши, анын ичинде 12 бала каза болгон.

Туристтик автобус София-Благоевград унаа жолунун 31-чакырымында кырсыкка учураган. Жол кырсыгынын кесепетинен 52 адам бараткан автобус күйүп кеткен. Каза болгондордун арасында автобустун айдоочусу да бар. Жети адам, анын ичинде эки аял жана беш эркек аман калган. Жергиликтүү өрт өчүрүү бөлүмүнүн башчысынын айтымында, өрт кырсыктын кесепетинен келип чыккан. Аман калгандардын баары оор абалда ооруканага жеткирилген. Окуя болгон жерде ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.