«Бөлүнгөн органдарын бириктирдик». Казакстанда үч жашар кыз чөп чапкычтын алдында калган

Түндүк Казакстандын дарыгерлери эки күн бою үч жашар наристенин өмүрү үчүн күрөштү. Кыз ата-энеси үйдө жокто агасы күйгүзгөн чөп чапкычтын алдында калган. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

Маалыматка караганда, Снежананын ашказаны толугу менен кесилип, ички органдары жабыркаган. Операция түнү бою уланган. Кыздын кансырап, аны сактап калуу мүмкүнчүлүгү аз болгон.

«Ашказаны экиге бөлүнгөн, боору бөлүнүп ичине түшүп калган. Он эки эли ичеги, жоон ичеги, ичегинин баары кесилген»,- дейт дарыгер.

«Кызымдын айыгып кетишине жардам берген дарыгерлерге терең ыраазычылыгымды билдирем. Кызымдын күчтүү экенине ишенем, жакшы болуп кетет. Дарыгерлерге ыраазымын»,- деди кыздын апасы.