Борбор Азиядагы президенттер Эмомали Рахмонго сыйлык ыйгарышты

Борбор Азиядагы мамлекет башчылары Эмомали Рахмонго сыйлык ыйгарышты. Бул тууралуу тажик президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Түркмөнстандын «Аваза» туристтик аймагында Борбор Азиядагы мамлекет башчыларынын үчүнчү консультативдик жолугушуусу өткөн.

Иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышты.

Анын жүрүшүндө тажик президентине «Борбор Азия мамлекеттеринин ортосунда кызматташтыкты, өз ара түшүнүшүүнү, меймандосдукту жана достукту өнүктүрүүгө, региондогу коопсуздукту, тынчтыкты бекемдөөгө кошкон зор салымы үчүн, региондогу өлкөлөрдүн демилгелерин жана кызыкчылыктарын эл аралык аренада коргогондугу үчүн» «Борбор Азиядагы мамлекет башчыларынын ардактуу белгиси» сыйлыгы тапшырылган. Эмомали Рахмон бул сыйлыкты алган биринчи адам болду.