«Ералаштын» жетекчиси Борис Грачевский 72 жашында көз жумду

Ðîññèÿ. Ìîñêâà. 25 ìàðòà. Äèðåêòîð òâîð÷åñêîãî îáúåäèíåíèÿ äåòñêîãî þìîðèñòè÷åñêîãî êèíîæóðíàëà "Åðàëàø" Áîðèñ Ãðà÷åâñêèé íà öåðåìîíèè ïðîùàíèÿ ñ ïèñàòåëåì Àðêàäèåì Àðêàíîâûì â Öåíòðàëüíîì Äîìå ëèòåðàòîðîâ. Íèêîëàé Ãàëêèí/ÒÀÑÑ

Балдар кызыгуу менен көргөн орусиялык «Ералаш» юмордук журналынын көркөм жетекчиси Борис Грачевский 72 жашында коронавирустан улам каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 28-декабрда Борис Грачевский ооруканага жеткирилген. Ага чейин коронавируска кабылгандыгына байланыштуу ал үйүндө дарыланып жаткан. Бирок илдеттен айыга албай ал каза тапты.

Грачевский 1949-жылы 18-мартта Москва шаарында туулган. 1974-жылы драматург Александр Хмелик менен биргеликте «Ералаш» балдардын юмордук киножурналын негиздеген. 1974-1984-жылдары Грачевский «Ералаштын» директору, 1984-жылдан тартып юмордук киножурналдын көркөм жетекчиси катары иштеп келе жаткан. Ал ошондой эле «Чатыр» жана «Нота арасында, же тантрикалык симфония» тасмаларынын режиссёру катары да белгилүү болгон.