Ботсвананын президентине өлкөдө табылган алмаз көрсөтүлдү. Анын реакциясы

Ботсвананын (Африка) президенти Мокветси Масисиге өлкөдө табылган 2492 карат салмактагы алмаз көрсөтүлдү. Мамлекет башчысы аны колуна алып, көлөмүнө абдан таң калды.

Дүйнөдөгү экинчи чоң алмаз табылганын 22-августта тоо-кен казуучу компания билдирген.

«Куллинан» деп аталган адамзат тарыхындагы эң чоң алмаз 1905-жылы Түштүк Африкада табылган. Анын салмагы 3106 карат (621 грамм) болгон.