Соцтармактагы чырдан башталып… Орусияда 16 жаштагы кыз 14 жаштагы өспүрүмдү өлтүргөн деп шектелүүдө

Орусиянын Братск шаарында 16 жаштагы кыз өспүрүмдү өлтүргөн деп шектелүүдө. 29-июнда Братск драма театрынын жанында белгисиз жаранды өлтүрүп кетишкен. Иркутск облусунун прокуратурасынын маалыматы боюнча, 14 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнө 16 жаштагы кыз шектелүүдө. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.

Маркум Тез жардам кызматы менен ооруканага бара жатып, жолдо жан берген. Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү делген адамды кылмыш тууралуу билдирүүдөн көп өтпөй кармашкан. Телефон аркылуу өспүрүмдүн бычактан жаракат алгандыгы жөнүндө маалымат алган ыкчам нөөмөтчү издөөдө жүргөн адамдын белгилерин жазып, патрулдук жана кароол кызматынын кызматкерлерине багытты жеткирген. Сүрөттөөлөрдүн негизинде Братск районунун 16 жаштагы тургуну колго түшүрүлгөн.

Каралып жаткан версиялардын бирине ылайык, адам өлтүрүүнүн себеби социалдык тармактардагы чыр-чатак болушу мүмкүн. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, жашы жете элек бала бир нече жолу мыйзамсыз аракеттерди жасаган, коомго жат жүрүм-турумун көрсөткөн, бирок жаш курагына байланыштуу жоопко тартылган эмес.