Бразилияда 65 жаштагы мэр 16 жаштагы кызга үйлөнүп, кайненесин министр кылып дайындаган

Бразилияда шаардын 65 жаштагы мэри 16 жаштагы кызга үйлөнүп, кыздын апасын администрацияга жумушка орноштурган. Мунун баары өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан Араукария шаарында болгонун Tengritravel.kz жазды. 

«Аракаурия мэри Хисам Хусейн Дехайни Кауана Роде Дехайн 16 жашка толгондон төрт күн өткөндөн кийин үйлөнгөн. Алты жолу үйлөнгөн мэр кыздын апасын салтанатка бир нече күн калганда шаардын Маданият жана туризм министри кылып дайындады»,— деп билдирет Daily Mail.

Жергиликтүү коомчулукту эмне көбүрөөк түйшөлткөнү — 50 жаш айырмачылыкпы же мэрдин кайненесинин жергиликтүү муниципалитеттин маданият жана туризм министри кызматына шашылыш келишиби айтор белгисиз. Бул ишти прокуратура текшерүүгө алган. Тергөө учурунда кыздын апасы кызматтан убактылуу четтетилген.