Бразилияда жүргүнчү ташыган автобус менен жүк ташуучу унаанын кагылышынан 38 адам каза болгонун CNN жазды.
Бразилиянын түштүк-чыгышындагы Минас-Жерайс штатында ишемби күнү таңга маал трассада жүргүнчү ташыган автобус менен жүк ташуучу унаа сүзүшкөн.
Окуя болгон жерге барган Минас-Жерайс өрт кызматы 13 кишинин Теофилоу-Отони шаарына жакын жердеги ооруканаларга жеткирилгенин билдирди. Маалыматка ылайык, автобус Сан-Паулу шаарынан чыккан. Ичинде 45 жүргүнчү болгон.
Күбөлөр куткаруучуларга автобустун дөңгөлөгү жарылып, айдоочу рулду башкара албай, жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөнүн айтышкан.