Бразилияда аял насыя алуу үчүн тууганынын жансыз денесин банкка сүйрөп барган (видео)

Бразилияда аял насыя алуу үчүн тууганынын жансыз денесин банкка коляскага салып барган. Окуяны полиция иликтеп жатат. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазды.

Маалыматка караганда, аял 68 жаштагы кишинин жансыз денесин алып барып, 17 миң реал насыя алмак болгон. Аял банк кызматкерлери менен сүйлөшүү учурунда жансыз дененин башын кармап турган. Кызматкерлер адам эч кандай кыймыл кылбаганы үчүн Тез жардам чакыртышкан. Дарыгерлер кишинин бир нече саат мурда эле каза болгонун аныкташкан. Аял кармалды.